Депутаттын айылдагы мугалимдердин кийингени тууралуу терс пикир айтканы интернетте катуу сынга кабылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын айылдагы мугалимдердин кийингени тууралуу терс пикир айтканы интернеттеги социалдык тармактарда катуу сынга кабылды. Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитетинин отурумунда "Аймактардагы мектептерде мугалимдер саанчылар менен чабандарга окшоп кийинишет. Мугалимдер туура кийиниши зарыл. Алар үчүн бирдиктүү форма киргизилиши керек. Окуучулар алардан үлгү алып, сыйлай башташат" деп айтканы маалым болгон.

Интернет колдонуучулар Мусабекованын айтканы тууралуу төмөнкүнү жазышууда: "Депутаттарды эл арасында эч ким сыйлабастыгын Мусабекова билбейт окшойт. Ал деле мугалимдердин, дарыгерлердин айлыктары боюнча билбейби? Айылдагы мугалимдердин урматына эстелик тургузуу керек болуп калды. Алардын акчасы нанга жетпей жатат, депутаттардай кооз кийингенге кайдан жетсин".

Айта кетсек, буга чейин дагы бир депутат Гүлшат Асылбаеванын “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүүсү ММКларга жарыялангандан кийин сындардын чабуулунда калган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (97)
munar.toktoshov
2016-10-05 19:45:53
Мугалимдерден айланып кетпейсинби! Мугалимче да акылын жок сенин корунуп турат суйлогон созундон дагы депутат кийими менен сенин ишин эмне!
+5
jibew
2016-10-05 19:59:02
Достор коп кыжырдануунун деле кереги жок. Бул да бир озун таанытып алуунун жакшы жолу. Мен укпагам мындай депутат бар экенин. Эми таанып журобуз. Мискенбаевди да ушинтип таанып калбадык беле.
+4
kyalbek
2016-10-05 20:05:56
Жогорку Кенеште ушуга окшогон акылы тайкылар олтурганы окундурот,заманыбыз ушул экен акылдуулар эмес акчалуулар бийлике келишет.Оозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун деп бекер айтылган эмес.
+3
tatynaaiym
2016-10-05 20:39:49
Мындай депутаттардын барынан жогу жакшы.Мектепке кайра барып билим алышын керек экен,башка соз жок.Депутат дейт имиш дагы ушуну,иий бетим иий бетим!Ушул созду суйлоп алып кантип журосун кечирим сурабай.Биздин депутаттарга барибир,каалаганын суйлоп алып кечирим сурашда колунан келбейт адамча.
+3
tatynaaiym
2016-10-05 20:42:31
Мектепкеда барган эмес бул айым,мектепке барып мугалимден билим алган Адам минтип суйлобойт.Жон эле ыйлагым келди,биздин суйлоор созун билбеген депутаттарга.
+1
aralbek
2016-10-05 20:48:42
Менин тайжем додуроптур го таза
0
veryme
2016-10-05 21:11:42
Кыргызстандан он жыл ашуун алыста талаалап журобуз уй булобуз менен,канча сагынып барып биротоло жайгашып жащагыбыз келет .бирок ушуга окшогон тоо десе бээ дегендердин айынан баргын деле келбейт .кыргызстанды онолтпой эле аркага тартышып турса:(.даяр текстти да окуша албаган депутаттарды коргондо куйуп кетем.айта берсе соз коп ....
+2
himik
2016-10-05 21:52:10
Мамлекетке тушунбойсун, биздин келечегибиз учун эмгектенген мугалимдерге эмес, доодуроп ойду тоону суйлогон ЖКдагы бир клоунга жогорку айлык маяна берип, уй жай, квзматтык унаа дагы толгон токой женилдиктер менен камсыз кылганына. Эй депутат айым, менин ата-энем мугалим. Алардын бир кундук эмгегичелик сенин эмгегин жок мекен учун! Аман эле бол!
+3
erikkarakulja
2016-10-05 21:55:09
Ушунчалык намыстанып кетем бизде ушундай адамдар депутат болгонуна
+1
baltabaev
2016-10-06 00:11:11
1000 жолу наалат созунузго и озунузго.
+2
himik
2016-10-06 09:26:57
Мугалимдер окуучуларга улгу болушу керек болсо, депутаттар жалпы кыргыз элине улгу болуусу керек! А булар улгу болбой эле, тескерисинче кулку болуп журот ко?!
+3
Aelit
2016-10-06 09:42:40
Озунду "гора"сезбечи!Айылдан торолуп ошол жактан эле чонойгон эле немесин!
+1
admin_portal
2016-10-06 10:28:13
MUSLIM-81, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болууну сунуштайбыз!
-1
kudaiberdieva98
2016-10-06 19:48:32
мугалидердин сиздикиндей костюм-юбка кийгени акчасы жетпейт...жакшылары 12000-15000сом турат эн начар дегени 5000-6000сом. ар кимдин шарты ар башка болот. жанылышпасам "Потребительский корзина" деген бар ошодон канча кеткенин коруп анан оз ойунузду айтсаныз жакшы болмок.
0
al-abu-kinesz
2016-10-07 07:04:00
Манастан Чубак кем бекен, урдура бергиле атаандын кору эл камын ойлоп жургон азаматтар. Сонун тактика ойлоп тааптыр депутаттар, иш кылып таанылгандан коро бир эки жолу балп этип логикалык денгээлине жараша суйлоп коет, боолду анан звезда болуп чыга келет!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан