Бажы кызматы кол сааттарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерди токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, тендердин токтотулушуна коомчулуктагы талкуу жана башка себептер дагы негиз болгон.
Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы 648 миң сомго кымбат баалуу кол сааттарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар порталына илинген жарыяга таянсак, 11-октябрда сынакка катышууну каалаган тараптардын документтерин кабыл алуу башталмак.
Сатылып алынган сааттарды декабрь айынын аягында Мамлекеттик бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бажы кызматкерлерине белек катары берүү пландалган. Мындан улам мырзаларга 40, айымдарга 20 даана кол саат сатылып алынмак.