Тышкы иштер министрлигине АКШнын жана Улуу Британиянын элчиси чакыртылды

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, кечээ аталган эки өлкөнүн элчиси буга чейинки билдирүүгө байланыштуу чакыртылган. Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев АКШнын элчиси Шейла Гуолтни жана Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушуу учурунда терроризм менен күрөшүүдө бирге иш алып баруу жана маалымат алмашуу боюнча макулдашышты.

Айта кетсек, буга чейин эки өлкөнүн элчиликтери билдирүү таратышкан. Билдирүүгө караганда, октябрь айында чет элдик дипломаттарга карата террордук чабуулдар жана аларды барымтага алуу фактылары болуп кетиши мүмкүн экени айтылган. Мындан улам жарандарын сак болууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого, коомдук жайларда коопсуздукту сактоого чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shadykanov
2016-10-11 12:56:01
Бул кыргыздарда толк жок деп озулору кириштида каяктагы мыйзам озгортобуз деп ызычуу болуп журушот айтканда толк чыкпай дедида
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан