Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көптөн бери каралбай калган "Күн балыктары" фонтаны оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.
"Бишкек суу-канал" ишканасынын аймактык өндүрүштүк-эксплуатациялык тейлөө боюнча башчысы Мирлан Абыкуловдун айтымында, фонтанды жууп, сырдап, аймагын жарыктандырышат.
"Учурда атайын уюмдун жумушчулары суу менен туз катмарларын жана баткактарын жууп жатышат. Эми биз фонтандын түбүн оңдоону, фигуралык элементтердин көрүнүшүн калыбына келтирүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле түтүктөр орнотулуп, жарыктандырылат", - дейт ал.
Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков райондун администрациясы бул жерге отургучтарды орнотуп, таман таш төшөп, шаар тургундары үчүн эс алуу аймагын жасоону пландаштырып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, даяр эскиздик долбоор бар.
Фонтан 1982-жылы салынган. Анын автору - сүрөтчү Владимир Кругман.