Бүгүн, 26-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз мамлекетинин 28-премьер-министри жетектеген өкмөт отставкага кетти. Президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттеги КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2015-жылдын 2-ноябрындагы макулдашууга ылайык түзүлгөн өкмөт отставкага кетти. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү бүгүндөн тарта ээлеген кызматтарынын милдетин аткаруучу болуп эсептелишет. Өкмөттү таратууга КСДП фракциясынын парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгып кетиши, коалициянын урашы себеп болду.
Мыйзамга ылайык, алдыдагы 15 күндүн ичинде парламент өкмөттүн жаңы түзүмүн, курамын жана программасын бекитиши керек. Ал үчүн президент Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясына жаңы коалиция түзүү укугун ыйгарды. Тажрыйбадан белгилүү, президент Атамбаев бул укукту дайыма КСДП фракциясына карматат. Бийлик конституциялык реформаны көздөп турган бүгүнкү кырдаалда коалиция түзүү мандатынын КСДПдан башкага берилиши мүмкүн эмес болчу. Өкмөт отставкага кете электе Иса Өмүркулов министрлер кабинетинин курамында олуттуу өзгөрүү болбосун айтты, андыктан Сооронбай Жээнбеков премьерлик креслосун сактап калары күтүлүүдө. Айрым бийликке жакпаган министрлерди кетирип, алардын ордуна "куп болот, байым" принцибинен ары өтпөгөндөрдү дайындашы мүмкүн. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөттүн азыркы түзүмүн өзгөрүүсүз калтыруу туура эместигин, элдин жашоосун жакшыртат делген айрым органдар үмүттү актабаганын айтты. Бирок азыр бийликти чарбалык маселелер эмес, Конституцияны өзгөртүү иши көбүрөөк кызыктырат. Коалицияны ошол үчүн таратпадыбы.
Ал эми коалициянын тарашы амбициялуу Өмүрбек Бабановго премьер-министр болуу мүмкүнчүлүгүн ачты. Эгерде жаңы коалицияга "Республика-Ата Журт" фракциясы кирсе, премьер-министрлик кызматка Өмүрбек Бабановдун барышы элге пайдалуу болмок. Анткени анын артыкчылыгы - премьерлик тажрыйбасы. 2011-2012-жылдары премьерлик кызматта турганда бир катар олуттуу реформаларды ишке ашырууга үлгүргөн. Мисалы, автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү жоюп, айдоочунун ишеним кагазын милдеттүү документтердин тизмесинен алган жана автоунааны кайра каттоонун төлөмдүк пайызын азайткан. Бишкек шаарынын көчөлөрүнө видеокамераларды орнотууну, көчөдө турган МАИ кызматкерлерин биротоло жок кылууну 2012-жылдын соңуна чейин бүтүрүүгө киришкен. Башка дагы көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр дал ошол Бабановдун өкмөтүнүн тушунда жасалганы чындык. Мындай кескин өзгөрүүлөрдү, шар чечимдерди Сооронбай Жээнбековдон күтүү кыйын. Кызматка кокустан келген адамда кайдагы амбиция? 2016-жылдын апрелинде өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Жээнбеков министрлер кабинетин жетектөө түшүнө да кирбегенин, КСДП ушинтип чечкендиктен макулдук бергенин моюнга алганы бар. Жээнбековдун өкмөтүнөн сенсациялык өзгөрүүлөрдү үмүт кылуу кыйын экенин ошондо эле "Күнсерепте" жазганбыз. Мамлекеттик казынадан миллиондорду жумшап той-маараке уюштуруудагы "эмгегин" эске албаганда, андан жаңычылдык көрүнө элек. Бабанов сунуштаган Патрулдук милиция идеясын өкмөт 2016-жылы гана жарым-жартылай ишке киргизди. Көчөлөр камера менен жабдыла элек, Патрулдук милицияда автоунаа тартыш, реформа ийгиликтүү иштебей жатат. Бабанов келсе, балким, өзү баштап аягына чыкпай калган реформаларга жан кирмек.
Бабанов премьер-министр катары мыкты иштегенин 2016-жылдын август айында Өмүрбек Текебаев моюнга алды. Бүгүнкү өкмөт президенттик аппараттын көзүн караган институтка айланганын айткан Текебаев: "Эгерде 2012-жылы Бабановду өкмөт башчылыктан айдабаганда, бүгүн саясий системде өкмөттүн орду башкача болмок. Бабанов амбициялуу, бирөөнүн көзүн карабаган жана абдан ыкчам иштеген премьер-министр болду", - деди. Мындай баа Бабановдун саясий дареметинен кабар берет...
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда асынып алган 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековдун өлүмү иликтенүүдө. Аталган окуучу мындан 3 күн мурун асынып алган эле. Ал айылдашынын 10 миң сомун уурдоого шектелип кармалып, милицияда суракка алынган. Мындан кийин баланын жакындары доогер тарапка акчаны төлөп беришиптир. Окуучу өлөр алдында кат жазып калтырып кеткен. Катта эч кандай уурулук кылбаганын, акчасын жоготкон адам түнкү саат 2де ээн жерде катуу сабагандыктан кылмышты моюнга алууга аргасыз болгонун айткан.
Кат болбогондо баланын өлүмү мынчалык чуу жаратмак эмес. Бүгүн маркумдун жакындары бул окуяга милицияны жана баланы сабады делген айыл тургунун айыптап жатышат. Алардын билдиришинче, акча жоголгондон кийин Шерзат Алимбековду милицияга жалгыз алып барып, доогер тараптын көзүнчө суракка алышкан. Демек, сабалган бала коркконунан милицияга барганда кылмышты аргасыз моюнга алган болушу толук мүмкүн. Анын үстүнө акча жоготкон баланын атасы мурда милицияда иштегени белгилүү болду. Азыркы заманда карга карганын көзүн чокушу кыйын, жоголгон акчаны өндүрүү үчүн жаш баланы милиция кызматкерлери кысымга албады деген кепилдик жок. Эмне үчүн баланын суракка алынарын атасына же жакындарына айтышкан эмес? Мыйзам боюнча, жашы жете элек баланы ата-энесинин катышуусусуз укук коргоо органдары суракка алууга болбойт. Баланын психикасы жабыркабашы үчүн бул окуяга атүгүл психолог да аралашуусу керек эле. Ошондо, мүмкүн, баланын өмүрү кыйылбай калмак. Милиция бөлүмүндө эмне иштер болгонун ким билет... Кылмыш иши ачылып, иликтөө башталды. Экинчи тарапты күнөөлүү дегендик эмес, бирок коом окуяны объективдүү иликтөөнү талап кылып жатканы социалдык тармактагы билдирүүлөрдөн улам көрүнүүдө. Баланын каты көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту. Маркумдун жакындарынын айтымында, окуядан кийин бала "өзүмдүн ак экенимди далилдейм же асынып өлөм" дептир. Мүмкүн, укук коргоо органдарынан акыйкаттык таппасына көзү жеткендир. Ошентип, базардан бир баштыкты толтура албай турган аз эле акчанын айынан бир жаш өмүр кыйылды.
Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына 1997-жылдан бери мүчө. Бүгүнкү бийлик өзгөрткөнү жаткан Конституциянын 22-беренесинде "эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес" деп даана жазылган. Бирок буга карабай кыйноо фактылары тыйылып калган жок. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында кыйноолордун 85 пайызы кылмышты моюнга алдыртуу максатында жасалат. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына таянсак, 2015-жылы мындай фактылар боюнча 200дөн ашык кайрылуу түшсө, 2016-жылдын алгачкы 5 айында 77 арыз түшкөн. Бул расмий сандар гана. Өкүнүчтүүсү - адистер кыйноо фактылары азайбай жатканын айтышууда...