Бул күнү Египеттин акыркы ханышасы Клеопатра VII туулган. Ал Птолемей XII`нин кызы болгон. Тарыхта Клеопатра мүнөзү абдан катаал, 7 тилде эркин сүйлөгөн Египеттин билимдүү аялдарынын бири катары калган. Ал өз өмүрүн Александрияда өткөргөн. Анын туугандары Египетти 3 кылымдан ашык убакыт башкарышкан. Клеопатранын сулуулугу боюнча ар кандай уламыштар айтылып келет. Ошондой эле анын ажарына арбалган эркектер арбын болгон.
Ал 18 жашында өзүнүн кичүү иниси Птолемей XIII`кө турмушка чыккан. Бирок Птолемей XIII менен тактыны бөлүшкүсү келбегендиктен, Клеопатра Юлий Цезарга Египеттин жалгыз башкаруучусу болууга жардам берүүсүн суранып кайрылат. Андан соң дагы бир иниси Птолемей XIV`кө турмушка чыгат. Ошол мезгилде ал Юлий Цезардан уул төрөп, атын Цезарион деп атайт. Ал эми инисин өз колу менен ууландырып өлтүргөнү айтылып келет. Анткени Клеопатранын уулу бийликти башкаруучу орун басары деп саналгандыктан, ал ашыкча болгон.
Ханыша 28 жашында римдик кол башчы Марко Антонио менен таанышып, жашоосу түп-тамырынан өзгөргөн. Экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, Маркону сулуулугу менен арбап алган. Ал тургай Клеопатранын суранычы менен кол башчы өзүнүн бир тууган карындашы Арсенияны өлтүрүүгө чейин барган. Канча бир жылдардан кийин Клеопатра Антониого Алексанр Гелиос аттуу уулду жана Клеопатра Селена деген кызды төрөп берет. Сүйүшкөн башкаруучулардын бактылуу турмушу көпкө уланган эмес. Өлкөдө жарандык согуш башталып, Марко Антониого Октавиан каршы чыккан. Тарых барактарында жазылгандай, ал жеңилген соң Клеопатра өзүн өзү өлтүрдү деген жалган ушактан кийин күйөөсү өзүнүн жанын кыйган. Ал эми ханыша жолдошунан бир канча күндөн кийин өзүнө өзү кол салган. Кээ бир айтылган жоромолдор боюнча, айымды жылан чагып алган дешет. Ал өлүмүнүн алдында Октавианга кат калтырган. Окумуштуулардын божомолуна караганда, жылан чаккан соң ортодогу убакытта айымды сактап калуу мүмкүнчүлүгү болгон. Октавиан катты өз учурунда алып, бирок аны сактап калган эмес.
Ал эми кээ бир маалыматтарда Октавиан өзү ханышаны өлтүргөн деп айтылат. Ошол мезгилде Октавиан Чыгыш Римди көзөмөлдөп турган Марко Антонио менен болгон каршылашуусунда Клеопатраны колдонуп өз максатына жеткен. Ханыша мураскер Цезарионду сактап калуу үчүн Эфиопияга жөнөтөт, бирок Октавиан аны таап өлтүрүүнү буйрук кылат. Мындан соң Октавионго бир гана так талашчу Клеопатра Селена калган.
Акыркы изилдөөлөргө караганда, ханыша жылан чаккандан эмес, уулуу суусундук ичип өлгөнү да айтылып келет. Египеттиктер уу жөнүндө көп билип, аны колдонууну да өздөштүрүшкөн. Ал эми ханышанын ичкен суусундугунун курамында апийим, аконит жана болигол болгон.