ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: 1818-жылы орус жазуучусу, драматург жана публицист Иван Тургенев туулган

Орус адабиятындагы 19-кылымдын классиги Иван Тургенев 1818-жылы 9-ноябрда Орусиянын Орёл шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ал 6 роман, бир нече аңгеме, повесть, макала, пьеса жана ырлардын автору. Окуу жайда окуп жүргөндө, 1834-жылы жазуучу эң алгачкы “Стено” аттуу поэмасын жазган. Ал эми 1838-жылы “Кеч” (“Вечер”) жана "Венера Медицейскаяга" (“К Венере Медицейской”) аттуу алгачкы ырлары жарык көргөн.
И.Тургенев 40-жылдардын аягынан тартып 50-жылдардын башына чейин драматургия менен алектенип, “Бойдок” (“Холостяк”, 1849), “Айылда бир ай” ("Месяц в деревне", 1850), “Элеттик” (“Провинциалка”, 1851) жана башка эмгектерин жараткан. Бул чыгармалары театрда коюлуп, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон.

И.Тургенев акын Жорж Байрон жана жазуучу Уильям Шекспирдин чыгармаларын орус тилине которгон. Жазуучу Николай Гоголдун өлүмүнөн кийин И.Тургенев ага арнап чыгарма жазып, бул үчүн ал эки жылга өзүнүн айылына сүргүнгө айдалып кеткен. Мунун себебин анын радикалдык көз карашта болгондугу менен байланыштырышат. Сүргүндө жүргөндө 1852-жылы “Муму” аңгемесин жазат. Мындан тышкары жазуучунун “Аталар жана уулдар” (“Отцы и дети”, 1862), “Түтүн” (“Дым”, 1867), “Айдалбаган жер” (“Новь”, 1877), “Ашыкча адамдын күндөлүгү” ("Дневник лишнего человека", 1849), “Ася” (1858), “Жазгы суулар” (“Вешние воды”, 1872) аттуу белгилүү чыгармалары бар. 1855-жылдын күзүндө И.Тургенев жазуучу Лев Толстой менен таанышат. Ага чейин Лев Толстой И.Тургеневге арналган “Токойду кесүү” (“Рубка леса”) аттуу эмгегин жарыялаган.

1863-жылдан тарта И.Тургенев Германияга барып, ал жерден Батыш Европанын залкар жазуучу-акындары менен таанышып, аларды орус адабияты менен тааныштырган. Гезиттердин биринде редактор-кеңешчи болуп иштеп, орус тилиндеги чыгармаларды француз, немис тилдерине же бул тилдердеги чыгармаларды эне тилине которуу менен алектенген. Ошентип ал Европа элдерине таанылган орус жазуучусуна айланган. 1879-жылы жазуучу Оксфорд университетинин ардактуу доктор наамын алган. Ал А.С.Пушкиндин, Н.В.Гоголь, М.ЮЛермонтов, Ф.М.Достоевский жана Л.Н.Толстой өңдүү жазуучулардын чыгармаларын башка тилдерге которгон. 1870-жылдын аягынан тартып 1880-жылдын башына чейинки аралыкта И.Тургеневдин атактуулугу өз өлкөсүндө эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы арткан. Ал эми адабият сынчылары аны мыкты жазуучулардын катарына кошушкан.

Жазуучу тууралуу кызыктуу фактылар:

  • И.Тургенев ата-энесинин акчасын көңүл ачуу үчүн колдонуп, жеңил ойлуу болгон. Бир күнү апасы ага тамак-аш, акчанын ордуна кыш салып, уулун жазалаган.
  • Жазуучунун жеке жашоосу ойдогудай болгон эмес. Көп сүйүү мамилелери болуп, бирок бир да жолу никеге турган эмес. Анын жашоосундагы эң чоң сүйүүсү Полина Виардо аттуу опера ырчысы болгон. И.Тургенев 38 жыл бою ырчы жана анын жолдошу Луи Виардо менен тааныш болгон. Луи жана И.Тургенев бир жылда каза болушкан.
  • И.Тургенев дайыма тыкан кийинип, өзүн таза алып жүрчү. Отурган жеринде тазалык болмоюнча чыгармачылык менен алектенген эмес.

1882-жылдан тарта жазуучу подагра, стенокардия жана невралгия илдеттерине чалдыгат. Оорунун айынан 1883-жылы 3-сентябрда Франциянын Париж шаарындагы Буживале деген шаар четиндеги аймакта каза болуп, сөөгү Орусиядагы Петербург шаарынын Волковский көрүстөнүнө коюлган.

9-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
azamat.k
2016-11-09 12:10:40
АША Россияда жургондо Тургеневди Тургун аванын небереси болот деген эле ээ калп айтбасам.Ошондо Кыргызбы бул киши Имам Тургунов.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан