ЖЫЛНААМА, 10-НОЯБРЬ: 1885-жылы Германияда алгачкы мотоцикл сыноодон өткөн


1885-жылы 10-ноябрда Германияда дүйнөдөгү биринчи мотоцикл сыноодон өткөн. Аны немис инженерлери Готлиб Даймлер жана Вильгельм Майбах ойлоп табышкан. Айтмакчы, дүйнөдөгү ири автоунаа компаниялары жогорудагы ойлоп табуучулардын фамилияларынан аталган.

Г.Даймлер жана В.Майбах дүйнөдөгү алгачкы карбюраторду (ички от алуунун өздүк кыймылдаткычын) иштеп чыгышып, аны жыгачтан жасалган шайтан арабага жайгаштырышкан. Анда кыймылдаткыч гана металлдан жасалган. Ошентип, эки дөңгөлөктүү, педалын айландыруунун кажети жок болгон жаңы транспорт каражаты - мотоцикл пайда болгон. Андагы цилиндрдин көлөмү 100 сантиметр кубду түзүп, мотоциклге тигинен жайгаштырылган. Ойлоп табуучулардын бири Г.Даймлер бул транспорттун моторун дубалда илинүүчү саатка окшоштургандыктан, "чоң атанын сааты" деген ат менен патенттеген. Мотоциклди биринчи болуп В.Майбах айдап көргөн. Ал саатына 12 чакырым ылдамдык менен 3 чакырымды басып өтүп, элди таң калтырган.

10-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arslan12
2016-11-11 02:34:37
Молодцы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан