Орус адабиятынын классиги, жазуучу жана ойчул Фёдор Достоевский 1821-жылы 11-ноябрда Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 7 баланын экинчиси болгон. Атасы Михаил Достоевский ооруканада эмгектенген. Ал кичине кезинен эле жомок, уламыштарды угуп, ошону менен бирге орус, англис, француз жана немис авторлорунун китептери менен да таанышкан. 1837-жылы апасынан айрылып, ошол жылы эле мектепти таштап, Николаев атындагы Аскердик-инженердик институтка кирген. Бул окуу жайды бүткөндөн кийин инженер болуп иштеп, кийинчерээк кошумча киреше үчүн китептерди которо баштаган. 1846-жылы биринчи романын, "Бечара кишилерди" ("Бедные люди") жазган. Бул романга адабий сынчылар оң баа берип, жазуучу элге кадыресе тааныла баштайт.
1849-жылы жазуучу социалист-демократ М.В.Петрашевский түзгөн топко аралашканы үчүн кармалып, аны менен бирге бир канча киши атууга өкүм кылынган. Кийин Достоевскийдин жазасы жеңилдетилип, Сибирге сүргүнгө айдалган. Сүргүндөн кийин аны армия жаатында иштөөгө мажбурлашып, катардагы жоокер болуп 5 жыл кызмат өтөйт, бирок ден соолугу начар болгондуктан, армиядан куулуп, адабий эмгектерин уланта баштаган.