"Апама боорумду берүүгө даярмын" дейт арга таппаган кыз

"Апама боорумду берүүгө даярмын, бирок операцияга каражат жок болуп жатат" деген 26 жаштагы Каныкей Калмырзаева апасы Майрамкан Майназарова жөнүндө бүгүн, 22-ноябрда SUPER.KG порталына айтып берди.

"Апам 2012-жылдан бери боорунан катуу жабыркап, ооруп калды. Бишкекте дарыгерлер курч мүнөздөгү боордун өнөкөт оорусу деген диагнозду коюшту. Апамдын ден соолугун калыбына келтириш үчүн анын боорун алмаштыруу керек экен. Бул үчүн дарыгерлер чет өлкөдө дарылоого 47-50 миң АКШ доллары кетет дешкен, бизде андай каражат жок. Үйдөгү эки жеңил машинабызды саттык. Үйүбүздү сатууга койдук, бирок бир жылдан бери сатылбай жатат. Мындан улам сураштырып жүрүп Индиядан 31 миң АКШ долларына дарылоого дарыгер менен сүйлөштүм", - деп билдирди Калмырзаева.

Майрамкан Майназарова Токтогул районунун тургуну. Ал азыр 47 жашта. Бир уул, эки кыздын апасы. Эки кызын турмушка узатып, учурда 14 жаштагы уулун тарбиялоодо.

"Жыл сайын апамды дарылоо үчүн 50 миң сом акча коротуп келгенбиз. Соңку убактарда апамдын абалы оорлошуп жатат. Мындан улам социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка кайрылып, каражат чогултуу аракетин көрүп жатам. Азыр бизде жакын туугандардан, социалдык түйүндөр аркылуу кайрымдуу адамдардан чогулган 16 500 АКШ доллары бар. Биз дагы 15 миң доллар чогултушубуз керек болуп жатат", - деп кошумчалады Каныкей Калмырзаева.

Оору менен күрөшүп, бирок алсыздык кылган Майрамкан айым акыркы учурда төшөктө жатууга аргасыз. Канткен менен жакшылык күндөн үмүт үзбөй үй-бүлөсү менен кайрымдуу адамдарга кайрылып келет.

Апасынын ден соолугу үчүн боорун берүүгө даяр Каныкейдин атасы менен апасы анын мындай кадамына макул болгон. "Дарыгерлер боорум өсүп, калыбына келет деп жатышат. Ошондуктан ушундай кадамга барып жатам", - дейт Калмырзаева.

Маалым болгондой, Майназарованын операциясы үчүн жакында кайрымдуулук концерт өткөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
momun74
2016-11-22 18:21:30
Аллахым ооруну берсе шыфаасын кого берет айыгып кетсин два кылала Аллахым шыфаасын берсин оору заматта адамды озгортуп жиберет экен менин кайнысиндимда боору ооруп тошокто жатып коммага тушкон Аллахым шыфаа берип азыр уй булоосу мн жашап атат сиздердада эчте болбогондой апаныз айыгып кетет Ин Ша Алла!
+14
aibars
2016-11-22 18:23:33
Апаке жакын арада жакшы болуп кетсин. Жараткан дагы да коп деген жакшылыктарынарга кубо кылсын. Деги эле ата энелерибиз оорубасынчы. 00971558732076 Каныбек. Каныкей ушул номерге байланышсан, колумдан келген жардамымды кылайын.
+16
nurbek11
2016-11-22 18:51:44
Карындашым апан жакшы болуп кетсин.
+7
ZHYRGAl1412
2016-11-22 18:59:43
Кантип жардам берсе болот бул жерде же телефон номери же картанын номери жокко
+7
salimbek87.kg
2016-11-22 19:17:17
ZHYRGAl1412,0558732076.тушунугум.
+7
salimbek87.kg
2016-11-22 19:08:41
Жанагы алтын суу жугуртулгон тош белгинин не кереги бар деймин жеп жутарларга ,андан коро ушундай инсандарга жардам берсе жакшы болот эле.
+13
orhideya-12345
2016-11-22 20:12:06
Ооруну берсе шыфаасын кошо берет деп койот,ылайым эле эч нерсе корбогондой болуп айыгып кетсин.Барынанда АПАЛАР аман болсунчу....
+6
Nurkyz1977
2016-11-22 22:13:00
Аллах жакшы коргон пендеге оору берет,айыгып кетиниз Жараткан жар болуп бактылуу кундорду уул кызыныз менен чогуу откорунуз.
+2
bakulya2015
2016-11-23 01:12:27
Айыгып кетсин апакелерибиз эчкачан оорубасын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан