Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын 5-ноябрда уулантылып өлтүрүлгөнү тууралуу "Сentre-1" басылмасы бүгүн, 22-ноябрда жазып чыкты. Басылмага мындай маалыматты өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматындагы анонимдүү булак билдирген.
Ал булактын айтымында, Гүлнара Каримова уулантылып, 5-ноябрда каза болгон. Ошол эле күнү Ташкенттеги "Минор" бейитине коюлуп, мүрзөсү жер менен түздөлгөн. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматкери жерге берүү зыйнатына өзү катышканын айтып, аталган басылмага Каримованын уулу Ислам жана кызы Имандын коопсуздугун ойлоп маалымат бергенин кошумчалаган.
Каримованын өлүмү тууралуу маалымат социалдык тармактар аркылуу жайылууда. Аны элге көрсөтүү талабы менен Твиттерде "Гүлнараны көрсөткүлө!" деген аталыштагы аккаунт ачылган. Ошол эле маалда аталган соцтармакта Гүлнара Каримованын атындагы аккаунт эски сүрөттөрдү жүктөп, элдин назарын бурууда. Бирок ал аккаунт чындыгында Каримовага таандык эместигин бир нече басылма далилдеген.
Ал эми бийликтен бул тууралуу так жооп болгон эмес. Министрлер кабинетинде Каримованын өлүмү тууралуу билишпегенин жана мындай кабарды угушпаганын билдиришкен.
Эскерте кетсек, Гүлнара Каримовага уюшкан кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.
Учурда "Интерфакс" жана "РИА Новости" басылмалары ишеничтүү булактарына таянып Каримованын өлүмүн четке кагышууда.