Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында ал өзү билдирди.
"Жогорку Кеңештин оппозициялык альянсына 2 комитет жана 1 вице-спикерлик берилет. Реалдуу болуш үчүн 3 оппозициялык фракцияга бир орундан берилсе", - деп сунуштады Жамалдинов.
Айта кетсек, кечээ, 22-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагалыгына "Ата Мекенден" Сайдулла Нышанов, "Өнүгүү-Прогресстен" Зиядин Жамалдинов жана "Республика-Ата Журттан" Таабалды Тиллаев сунушталышканы белгилүү болгон. Ал эми Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагалыгына РАЖдан Мирлан Жээнчороев, "Өнүгүү-Прогресстен" Тынчтык Шайназаров көрсөтүлгөн.
Учурда парламенттеги оппозициялык блоктун квотасына кирген вице-спикер кызматын "Республика-Ата Журттан" Алтынай Өмүрбекова ээлеп турат.