Бишкектеги "Дордой" базарынын бастырмалары кулап жатат. Бул тууралуу окурмандар SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлашты. Биринин айтымында, бастырмалар кардын оордугунан куласа, бириники боюнча, оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөндөн кулаган.
"26-ноябрь күнү "Дордойдогу" "Алкан-Кербен" базарынын бастырмасы жааган кардын көптүгүнөн улам кулап түшкөн. Бир унааны басып калган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Себеби ал катарда соода иши жүрбөй калып, товар сакталуучу кампалар болгон. 27-ноябрда саат 15:00 чамасында "Дордойдун" "Кербен" базарынын бастырмасы да кулады. Соода кылып жаткан сатуучулар контейнерлерине качып кирүүгө үлгүрүшкөн. Жаракат алгандар жок. Албетте, мындай кырсыктар соодагерлердин жана сатып алуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.