ЭЛДИК КАБАР: "Дордой" базарында дагы бастырма кулап, 5-6 адам жабыркады

Бүгүн, 29-ноябрда "Дордой" базарынын борбордук өтмөгүндө дагы бастырма кулап, 5-6 адам жабыркады. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бастырманын алдында калган адамдарды "Тез жардам" алып кетти. Учурда куткаруучулар жүрүшөт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Дордойдо" бастырма 5 кишини басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kamchatka
2016-11-29 12:26:32
Дордойдонда оомат кеткен окшойт
+2
Gema
2016-11-29 12:42:06
ушуларды угуп алып дордойго канча кундон бери баралбай журом.
0
bakan
2016-11-29 13:22:39
Gema,коркпой бара бер тагдырга жазганын коросун да
+1
dina1983-19
2016-11-29 13:38:10
Мен заказ берген товарымы алалбай калдым куруп жатканда сапатуу курулуш материялдарын пайдалануу керек болчу кичи карга кулаган бастырма Алайкуудагыдай 1м кар жааса эмне болмок.
0
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-29 16:46:20
40 адам деп атышат эле
-1
GGggUUuuLLll
2016-11-29 19:45:02
Совет убагындагы нерселердин срогу бүттү да уже..даже бак-дарактар да кулап жатыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан