1-январдан тарта жаңы 1000, 500, 200 сомдук банкноттор колдонууга чыгарылат

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө" №47/18-токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарыларын бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.

2016-жылы чыгарылган IV сериясындагы өркүндөтүлгөн 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттору төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Классикалык ыкма менен даярдалган портрет даана көрүнүп турат.
2. MASK-элементи. Жарыкка салып кароодо "сом" деген сөз көрүнөт.
3. Чыгарылган жылы: 2016.

"Улуттук валютанын IV сериясындагы өркүндөтүлгөн банкноттору Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө мурда чыгарылган 1, 10, 50 тыйын, 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом банкноттору менен чогуу жүгүртүүдө болот. Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары чыгарылган жылынан көз карандысыз милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aima94
2016-12-06 14:45:46
Эконом кылып кибирейтпей мурунку вариантта чыгаргылачы
-4
Kroxa
2016-12-06 15:34:10
Азыркыдан айырмасы жылтырагы эле го...
+5
Mers124
2016-12-06 16:30:32
Кичинекей эле чыгаргыла. Акча салгычка баткыдай
+9
bond0202
2016-12-06 17:05:10
чыгарбай эле койгулачы,ансыз деле кармаш кыйын болуп баратат ал купюраларды
+3
kuba.kq8705
2016-12-06 22:39:00
Сапаттуурак чыгаргылачы акчаны тез эле тусу бузулатго жыртылайын деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан