"Ош" Эл аралык аэропортунда туманга байланыштуу учурда 7 рейс кармалып турат. Анын бешөө ички каттамдарды аткарууга камынып турса, калган экөө Орусияга учмак (Екатеринбург жана Москва шаарларына). Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тумандан улам алдыда 100-300 метр аралык гана даана көрүнүүдө. Негизи, коопсуздук үчүн кем дегенде 550 метр аралык көрүнүшү керек.
Акыркы каттамдар Оштогу туманга байланыштуу Бишкектеги аэропортко конушкан.