Бүгүн, 19-декабрда саат 19:00дө өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысы жандырылат

Бүгүн, 19-декабрда саат 19:00дө өлкөнүн башкы балатысы жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Балатынын жанышы менен тургундар үчүн майрамдык концерт тартууланат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы балатысы борбордук "Ала-Тоо" аянтына орнотулган. Балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12,5 метрди түзөт. Ага 1200 оюнчук жана улуттук стилдеги 77 жасалга, жылдызча түрүндөгү 60 светодиоддук жасалга жана 50 светодиоддук кар бүртүкчөлөрү, ошондой эле жалпысынан узундугу 2 чакырым 600 метр 260 гирлянда илинген.

Аянттын түштүк бөлүгүнө "Аяз ата жана бугулары менен жомоктогудай чана" жаңы жылдык композициясы (6 бугу) жана чоң кар киши орнотулду. Ошондой эле диаметри 2 метрден 12 түстүү шар орнотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
edik.toloikon
2016-12-19 14:01:56
Ош шаарыныкы Мелис жок бүтө элек го, Мелис барда Бишкектен биринчи бүтөт эле дайыма
-5
ularik_kg
2016-12-19 15:54:50
edik.toloikon, эн туура Ош (рулит)
0
Taalai94
2016-12-19 17:01:09
Мелис болгондо Бишкектикинен чон болот еле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан