Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын расмий сайтында маалымдалат.
Маалыматта иш-чарага Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабиятынын окутуучулары жана студенттери катышканы айтылат. Анын алкагында залкар жазуучунун китептери көргөзмөгө коюлуп, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлгөн.