Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңеш Бишкекке жаңы 50 троллейбусту сатып алуу үчүн 8,4 миллион доллар насыя алуу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен макулдашууну жактырды.
Мэриядан билдиришкендей, Бишкекте күнүнө 105-108 троллейбус иштейт. Бул транспорттор жылына шаар ичинде жалпысынан 21 миллион жүргүнчүнү ташышат.