
Бүгүн, 22-декабрда энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул майрам 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен 1920-жылы Бүткүл Орусиялык Кеңештин сегизинчи съездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата негизделген.
Аталган планда Орусия боюнча 20 жылуулук электр көмөк чордонун жана 10 суу көмөк чордонун куруу каралган. Анын ичинде үчөө Кыргыз мамлекетинде курулмак, окумуштуулардын көңүлүн биздин жергебиздеги суулардын көрөңгөсү бурган. 1920-жылдан баштап Кыргыз өлкөсүндө көп эмес кубаттуулуктагы Ош ГЭС-1, Аламүдүн ГЭС, бир канча дизелдик электр станциялары курула баштаган.
Ал эми Кыргыз мамлекетинде Энергетиктердин күнү өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Беларусь, Армения жана Украина белгилейт.
22-декабрга карата жылнаама.