22-декабрдан 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
23-декабрдан 25-декабрга чейин абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн -10… -15°С, күндүз -4… -9°С суукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -20… -25°С, күндүз -10… -15°С суукка чейин, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25… -30°С, күндүз -13… -18°С суукка чейин төмөндөшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
22-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
23-24-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. 24-декабрда күндүз айрым жерлерде бир аз кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
25-26-декабрда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
27-28-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт.