"Мектептердин айланасында педофилдер, аракечтер көбөйүп баратат", - деп бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.
Анын айтымында, мындан улам ата-энелер балдарын мектепке жалгыз жөнөтүүдөн коркушууда. "Мектептин күзөтчүсү окуу жайдын ичиндеги гана коопсуздукту көзөмөлдөй алат. Ал эми мектептин айланасында жүргөн бейбаштарды жолотпоого жалгыз жетишпейт. Билим берүү жана илим министрлиги бул маселеге көңүл буруп койсо жакшы болмок", - деди депутат.