Ала-Бука районунда баптист аялдын сөөгүн казгандар боюнча соттук отурум өтпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда маркумдун кызы Жылдыз Азаева билдирди.
"Апамдын көмүлгөн сөөгүн кайра-кайра казып чыгаргандардын башында турду деп райондук имамдын жана айылдык имамдын үстүнөн арыз жазган элем. Бирок имамдар эмес, маркумдун сөөгүн казгандар суракка чакырылып жатты. Бүгүн, 22-декабрда Ала-Бука райондук соту бул ишти карап, биринчи отурум болмок, бирок сот ооруп калгандыктан отурум өткөн жок. Кийинки отурум кайсы күнгө жылдырылганын айтышкан жок", - деди маркумдун кызы Азаева.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
"Мен буга чейин ИИМге жана Башкы прокуратурага арыз жазган элем. Учурда сөөктү казгандар боюнча тергөө бүтүп, сот иши башталды. Ал эми прокуратура райондук жетекчилер боюнча иш алып бармай болгон", - деп кошумчалады маркумдун кызы.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан Мыктыбек Турдубаев буларды айтты: "Ала-Бука районунда катталган окуя боюнча райондук жана облустук тергөө кызматтары иликтөө иштерин жүргүзүштү. Мында өлгөн адамды мазактоо боюнча 3 адамга кылмыш иши козголгон. Тергөө кызматы ишин жыйынтыктап сотко өткөрүп берген".
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында баптизм агымындагы 76 жаштагы аялдын сөөгүн мусулмандар бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып койдурбай коюшкан. Ошол эле учурда маркумдун сөөгү бир нече жолу казылып алынган. Ал тургай сөөктү коңшу жайгашкан Чаткал районуна коймой болушкан. Андан соң маркумдун сөөгү үчүнчү жолу казылып алынганы айтылган.