ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: 3 жыл мурун Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова көз жумган

Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 23-декабрда 96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова көз жумган.

Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн. Ал эми кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн. Керимбүбү Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап, өзүнүн кылган эмгеги менен 1946-жылы Ленин ордени, көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1957-жылы СССРдин башчысы Никита Хрущёв ага Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырынын алтын жылдызын тапшырган, ал эми 1997-жылы 2-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Керимбүбү Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон.

23-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан