Кара-Кулжа районунда кекиликке мыйзамсыз аңчылык кылган 3 адамдын бири милиция кызматкери экендиги белгилүү болду

Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун 1-Май айыл аймагында мыйзамсыз кекилик аткан 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Экологиялык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мергенчилик кылууга уруксат кагаздары жок ууга чыккан 3 адам кармалды. Алардын жанынан 3 даана ок атуучу курал, 18 баш кекилик табылды. Мыйзамсыз иш жасаган жарандардын куралдары жана атылган кекиликтер алынды. Аңчылык кылгандардын бири милициянын ардагери болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кармалган аңчыларга протокол толтурулуп, алынган мылтыктары Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда жаратылышка келтирген зыяндын ордун толтуруу максатында чыгашаны өндүрүү аракети көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sultan89
2016-12-23 09:39:26
милитциянын ардагери болсо штраф деле толобой мылтыктарын деле берип коет.
корсотпой аткыла мындан кийин деп ескертме берип коет:-)
+5
kaidasyn
2016-12-23 10:03:37
Кекилик атса болбойбу ошондо? Бул мыйзам качан чыккан?
+2
kamchatka
2016-12-23 11:15:27
Кара кулжада кекиликти кантип атышты бул туралуу гезитибиздин эмки санында окуй аласыздар.талкуу жабык!


+2
Saribulak
2016-12-23 11:22:04
Сураган акчасын бербей койушкан окшойтда
+2
Aikoo2014
2016-12-23 12:03:16
Эч нерсеге зыяны жок кекиликтерди кырып бутмок болушту. Кышында тамак таппай айылга жакын келишетда, анан эле элдерге Кудаа берет аткылап. Боорум ооруйт коп атышат, бир кундо бир экоон атса болотда. Жакында бироодон уктум, бир кундо бир кап атып келет экен дегенди. Оозум Ошту карап калды, ал жандыктын убалы кимге. Андай кыйын болсо карышкырлар атып жок кылбайбы деймда. Эхх!
+1
nura.177
2016-12-23 15:22:14
Aikoo2014,туура айтасын,адамдар мынча эле мыкаачы болуп калган. Уйуно багып ата берчи каалашынча , убал сооп дегенди билбей калыштыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан