Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул-Кара-Көл аймактарында киргизилген чектөө алына элек

Бишкек-Ош унаа жолунун Токтогул-Кара-Көл аймактарына каттаган оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 141-чакырымында 3 оор жүк ташуучу унаа жол талашып, тыгын пайда кылгандыгына байланыштуу жана бороон болуп, жолдор тайгак болгондуктан, 22-декабрда түнкү саат 23:10до Кара-Көл шаарындагы "ДЭУ" жана Токтогул районундагы "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилген. 22-декабрда саат 18:30да аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган. Бүгүнкү күндө киргизилген чектөө алына элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга чейин 22-декабрда саат 18:30да аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга, саат 22:30да жеңил унааларга чектөө коюлуп, 23-декабрь күнү саат 05:30да жеңил унааларга коюлган чектөө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан