ЖЫЛНААМА, 23-ДЕКАБРЬ: 217 жыл мурун белгилүү орус сүрөтчүсү, айтылуу "Помпейдин акыркы күнү" сүрөтүнүн автору Карл Брюллов төрөлгөн

Мындан 217 жыл мурун, 1799-жылы 23-декабрда белгилүү орус сүрөтчүсү, айтылуу "Помпейдин акыркы күнү" сүрөтүнүн автору, академизмдин өкүлү Карл Брюллов төрөлгөн. Ал Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жарык дүйнөгө келген. Петербургдагы Сүрөтчүлөр академиясында Александр Иванов жана Алексей Егоровдун чеберканасында окуган. Атасы жыгачка сүрөт түшүргөн уста-сүрөтчү болгон. К.Брюллов 1823-1825-жылдары Италияда жашап, 1936-жылдан тартып профессор Петербургдагы Сүрөтчүлөр академиясында иштеген. 1849-жылы Модера аралында жашап, бир жылдан кийин кайра Италияга кеткен. Анын мындай саякаттарынын себеби - ал өзүнүн эмгектеринде турмушту жана дүйнөнү романтикалык багытта чагылдыруу менен орустун сүрөт искусствосуна реалисттик ыкмаларды жайылтууну көздөгөн.

Брюлловдун өнөрү өзүнүн эмоционалдык күчү менен адамдын сулуулугун даңазалоо, ошондой эле турмуштагы драмалык кагылышуулардын ачык образдарын тартуу менен айырмаланып турат. Анын "Италиядагы чак түш" (1827), "Вирсавия" (1832) аттуу сүрөттөрүндө эле жаратылышты жөпжөнөкөй, өзүнүн көрүнүшүндөй жандуу тартуу менен ойдун так берилишине жеткен. Сүрөтчүнүн негизги чыгармасы болгон "Помпейдин акыркы күнү" аттуу сүрөтүндө шаардын талкаланышын көрсөтүү менен өзүнүн каармандарынын ушунчалык мээримдүү экенин тартып келет да, алардын баары бир ошол шаарга туш келген жаратылыштын алааматынан акыры кайтыш болушарынан бери ачып көрсөтөт. Бул романтикалык негизде тартылган чоң сүрөттүн түпкү мааниси ошол жылдары Европадагы эркиндик үчүн болгон эл күрөшүнүн басылышы баяндалган. Орус живописинин тарыхына классикалык чыгарма катары кирген бул сүрөт Брюлловду ошол кездеги атактуу сүрөтчүлөрдүн катарына кошкон. Ал сүрөтчү-живописчи гана болбостон, портретчи да болгон. Анын жараткан ондогон портреттери жана романтикалык чыгармалары ушул кезге чейин Москванын, Санкт-Петербургдун жана башка шаарлардын көрүнүктүү музейлеринде сакталып турат. К.Брюллов 1852-жылы 23-июнда дүйнөдөн кайткан.

23-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан