ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2016: SUPER.KG порталы чагылдырган эң аянычтуу тагдырлар: Бийликтен үмүт кылган эл, артын салган татаал тагдыр...

Убакыт зымырап учуп, мезгил алмашып, жыл тогошор убакыт босогого кирип келди. Жыл ичинде не бир сонун жакшылыктар, көкүрөк кубанткан сүйүнүчтөр орун алды. Кимдир бирөө жаралган ийгилигине кубанса, дагы бирөө тапкан бакытына сүйүндү. Аны менен катар татаал тагдырга туш болуп, турмуштун оор соккусуна кабылгандар да болду. Айтор, мунун баарына SUPER.KG порталы окурмандары менен биргеликте күбө болду.

Турмуш сыноосуна кабылгандардын катарында "майыптыгың боюнча 3 миң сом пенсияң бар деп жөлөк пул бербей коюшуп, көчөдө калдым" деген 5 баланын энеси, Баткен шаарынын тургуну Махабат Сулайманованын тагдыры буга чейин биздин порталга жарыяланган. 5 баласы менен Бишкекте кээде ачка калып, кээде ток болуп кыйын күндөрдө жашап жаткан жалгыз бой эненин тагдыры коомчулукка жарыялангандан кийин Баткен шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Эрмамат уулу анын жол акысын жана жолдогу чыгымдарын төлөп, туулган айылына чыкырып, баш калкалаганга турак үй берген.

Аянычтуу тагдырга туш болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаштагы Кадырбек Арзыбаевдин армандуу окуясы да биздин басылмадан орун алган. Наристенин апасы Таттыгүл Шамиева 5 жылдан бери жанынан карыш жылбай карап, дарылатып жатканын айткан. Ал арада убакыт таап, адам көп жүргөн жерлерге барып кайыр сураарын кошумчалаган. Ошондой эле жардам сурап саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылса, "мындан ары акча сурап келбегиле" деп бөлмөсүнөн кубалап чыкканын билдирген. Мындан улам министрдин майып балага көңүлү бурулуп, жардам колун сунарын айткан: "Бөлмөдөн кууп чыккан эмесмин. Жардам сурап кайрылгандар көп, колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылабыз".

Көз жашын көлдөтүп, эки айлык баласын колуна кармап Бишкектин көчөлөрүндө кайыр сураган Айдай Абдуллаевага да тагдыр артын салды. Каарманыбыздын борбор калаада окулган Айт намазы учурунда жол жээгинде балдары менен кайыр сурап, ары-бери өткөндөрдөн үмүт кылып отурганы SUPER.KG порталында чагылдырылган. Үч баланын энеси болгон Айдайдын жан кейиткен тагдыры бүтүндөй коомчулукка тарап, Орусияда жашаган мекендештерибиз каражат жагынан жардам берерин айтышкан.

SUPER.KG порталы кейиштүү тагдырга туш болгон жарандардан башка адилеттик издегендерди да маалымдап, соттук отурумдарды жазып келет. Бул жолу жол кырсыгына кабылып майып болуп калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматовдун жардамга муктаж экендигин, ошол эле учурда күнөөлүүлөр жазасын албай жатканын жазып, каралып жаткан соттук отурумдардын адилет жүрүшү үчүн көз салып, окурмандарга жеткирип турду. Жыйынтыгында тергөө иштери тездетилип, соттук отурум башталган.

Мындан сырткары жыл ичинде ондогон оор тагдырга кабылган тургундардын жашоосун чагылдырып, коомчулукту боорукердикке, кайрымдуу болууга чакырык ташталып келет.

Жасаган ак эмгеги аркылуу элге жагып, мээнети менен нан тапкан ширетүүчү, ала жаз менен жер чаап иштеген дыйкандын ийгилиги, ошондой эле таразадан нан таап адал оокат жасаган үй-бүлөнүн башкаларга сабак болор жашоосун окурмандарга чагылдырдык.

Ал эми SUPER.KG порталынын дагы бир каарманы Нурзат Жанузакова Ак-Өргөө конушунда муздак үйдө 5 баласы менен жалгыз жашап, өкмөткө караганда карапайым элге ишенерин айткан эле...

Бүгүн, 25-декабрда кайрадан үйүнө барганыбызда, элдин жардамы менен үйү жылууланганын айтты. Нурзат Жанузакованын айтымында, жакында эле "жогору" жактан жардам берерин айткандар пайда болгон. Каарманыбызга бүгүнкү күндө да Корея, Орусия өлкөлөрүндөгү мекендештер байланышып, жардам берүүнүн жолун издеп жатышканын кошумчалады жалгыз бой эне.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
vangolu
2016-12-24 17:53:11
Ак-оргодо жашаган Назгул эже тууралу жаза кетсенер болмок.Супер kg аркылуу эженин тагдыры тууралуу билип,уйуно баргам бир аз тыйынымды которуп алып.Барсам уйундо толтура азык-тулук,комуру бар экен.гезитке чыккандан кийин элден жардам келиптир.бир молдо уйун жылытып ремонт кылып бериптир.Оз козум менен коруп келдим.Кыргыз элиме жана супер инфого терен ыраазылык билдирем кайдыгер карабаган учун.
+3
barakcha
2016-12-24 20:10:32
Супер инфо,элдин койгойуно кайдигер карабай колунан келген жардамын берип келген жалгыз гезит!Сиздерге ыраазыбыз.Мындан нары дагы ушунунардан жазбай элдин батасын алып,оркундоп осо бергиле.Ишинерге ийгилик!
0
Zynk.kg
2016-12-24 21:27:49
Super.kg супер зынк.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан