Кызматтык милдетин аткарып жаткан жеринен курман болгон милиция кызматкерлеринин, көп балалуу аскер кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык балаты уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков катышты. Анда ал: "Биздин негизги максаттарыбыздын бири - ар бириңиздерге өзгөчө көңүл буруу жана жардам берүү. Биз сиздерге дайыма жардамга келүүгө даярбыз. Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө каза болуп калган кызматкерлер менен сыймыктанабыз, анткени алар биздин жаркын келечегибиз үчүн курман болушту. Ошондой эле каза болуп калган кызматкерлердин үй-бүлөлөрү менен дайыма жакшы мамиледе болуп, аларга кам көрүү - биздин парзыбыз", - деди.