"Ош" Эл аралык аэропортунда каттамдар аба ырайы учууга мүмкүн болгондо аткарылып жатат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
"Оштогу аэропорт бүгүн, 23-декабрда саат 10:30дан тарта аба ырайына жараша каттамдарды аткарууда. Саат 11:30га "Ош" аэропортунан 2 каттам учурулду. Учкучтар өздөрү ылайык көргөн маалда каттамдарды аткарып турушат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал аэропорт туманга байланыштуу жабылган.
"Учурдагы абалды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды суранабыз", - деп кошумчалашкан аэропорттон.