2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри кызматын аркалаган Болотбек Ногойбаев бүгүн, 24-декабрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.
Анын айтымында, Ногойбаевдин оору менен алышып келатканына көп болгон. Маркумдун сөөгү дүйшөмбү күнү жерге берилмекчи.
Кошумчалай кетсек, Болотбек Ногойбаев 1955-жылы Чүй облусунун Тельман айылында туулган. Укук таануу боюнча адистикке ээ болуп, кийин Москвадагы ИИМ академиясында билим алган. Көп жылдар бою милицияда иштеп, 2007-2008-жылы ички иштер министри кызматын аткарган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.