Республикалык оорукананын проктология бөлүмүн чычкан, таракан каптап, оорукана убактылуу жабылды. Пайда болгон кырдаалдан улам бейтаптар үйлөрүнө жөнөтүлүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бейтаптар маалымдашты.
Ак халатчандар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келерки жылдын 3-январына чейин оорукана бейтаптарды тейлебесин билдиришкен. 3-4 күн жаткан бейтаптарга башка ооруканага барууну сунушташты.