Бишкек-Ош трассасынын "Сосновка" пункту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды

Бишкек-Ош трассасынын "Сосновка" пункту оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды. Мындай чектөө бүгүн, 24-декабрда саат 20:00дө киргизилгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Чектөө качан алынары айтылган жок. Кар калың жаап, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жол жүрүү кыйындаганда, ашууларда унаа тыгындары жаралбаш үчүн оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө коюлуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан