37 жыл мурун, 1979-жылы 17-мартта Ооганстандын элине жардам көрсөтүү үчүн советтик аскерлерди киргизүү чечими кабыл алынган. Ал эми 1979-жылы 24-декабрдан тарта аталган өлкөгө советтик аскерлер массалык түрдө киргизиле баштайт.
Ооганстанга советтик аскерлердин киргизилишин Батышта Ооганстанга кол салуу же басып кирүү катары айтылып келгени анчалык деле чындыкка коошпойт. Советтик аскерлер өз ара согушуп жаткан тараптардын биринин чакыруусу менен киргизилген. Албетте, кошуна өлкөдө бийликте турган компартияны исламдык режимге алмаштыруу СССР үчүн окуянын жакшы жакка өнүгүүсү болмок эмес. Ал эми коммунисттер ошол эле Ооганстан элинин бир бөлүгү болгон.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР Ооганстанга көп жылдар бою плотина, тоннель, заводдорду курууга жардам берип, колдоо көрсөтүп келген. Кийинчерээк гана аскердик техника жана кеңешчилер жагынан жардам көрсөтө баштаган.
Ооганстандагы советтик аскерлер 1989-жылдын 15-февралында чыгарылган. Ушул убакыт ичинде 620 миңдей советтик офицер, жоокер кызмат өтөп, согушта 15 миңдей жоокер көз жумуп, 54 миң жоокер жараат алган.
Кыргыз жеринен да 7141 тургун согушка катышып, душмандын колунан 300дөн ашуун адам каза болсо, 1500 жоокер жаракат алып, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Өлкөбүздөн 2 адам "Советтер Союзунун Баатыры" наамын алган, алар – Юрий Исламов (өлгөн соң сыйланган) жана Сергей Гущин.
25-декабрга карата жылнаама.