Орусия бир нече шаарындагы аба каттамдарына Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына учууга тыюу салды

Орусия Краснодар, Красноярск, Уфа жана Челябинск шаарларынан Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына уча турган аба каттамдарын токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тажик делегациясы менен Орусия тараптын 22-декабрда Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес. Жолугушуудан кийин Орусия тажикстандык "Сомон Эйр" авиакомпаниясынын аба каттамдарын токтоткон.

Эске салсак, бир апта мурда Тажикстан "Жуковский" аэропортунан “Ямал” авиакомпаниясынын учууларын кабыл албай тургандыгын жарыялаган. Азырынча Тажикстандын Орусияга болгон каттамдарына канчага чейин тыюу салынары белгисиз. Орусия буга чейин тажик тарапка коюлган милдеттенмелер аткарылбаса, каттамдар токтотуларын айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurbek11
2016-12-26 11:01:40
Ош аэропорту тажиктерге толот экен да. Партсезддик таксистерге жакшы болот экен.
+5
sungjinsystem
2016-12-26 17:44:50
nurbek11,партсезддик таксисттер жыргабайт, кызылбелдик таксисттерден калса алат алар.
-2
MAKALAK
2016-12-26 11:31:06
душанбеге деп атат Худжанттан уча берет да.
Бизде арзан бирок милициялар кун корсотпойт.Биз менен 10дон ашык тажик учту Ошто пограничниктер эрчитип чыгып таксистерге сатып атканын кордум тезиреек кетип калгыла деп таксистерден ар бир адамга акча алып жонотту
+2
samsungc3
2016-12-26 13:14:00
Тажиктер өздөрүнүн аеропортунан учса билеттер кымбат экен. Оштон учушат экен көбүнчө. силерде арзан дейт
0
fanatka19
2016-12-26 13:15:08
Шаарлардын аты которулбайт дегенге карабай эле неге Дүйшөмбү шаары деп жаза бересиңер?
+5
rejepova
2016-12-26 13:31:18
орустар ПОНЕДЕЛЬНИК деп которушпайтко ???
+9
kani-esen
2016-12-26 14:06:21
rejepova,эн туура жазылган. Алар ошол сенин суйуктуу тажиктерин дуйшомбуну душанбе кылып алышкан. Ушул жерде да тарабын тартып олуп турасынбы.
-4
etaj_rus79
2016-12-26 14:52:20
дуйшомбу дегенди токтотушса
+6
Ali-han
2016-12-27 04:29:01
Анда бишкекти шаршемби деп албайлыбы
-2
ERCHOROEV
2016-12-27 16:05:50
Ali-han, ойлонбой эле урдуруп коюпсун э. Бекерчи

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан