Бишкек-Ош жана Нарын-Казарман унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 25-декабрдан 29-декабрга чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.
Жайыл районунда 25-декабрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында кар көчкүнү түшүрүү иши жүргүзүлгөн. Анда жалпысынан 6 артиллериялык снаряд атышкан. Анын натыйжасында жалпы көлөмү 500 метр куб болгон кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес. Атайылап кар көчкүнү түшүрүү иштери 26-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында улантылат.
25-декабрь күнү саат 15:30дө Бишкек-Ош жолунун 132-133-чакырымында кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери аткарылып жаткандыгына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолундагы "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлуп, 26-декабрда саат 6:00дө алынган.
"Нарын-Казарман унаа жолдорунда артиллериялык курал менен кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иштери аткарылып жаткандыктан, жолдо жүрүүдөн баш тартуу же маалымат алып туруусу зарыл экендигин кабарлайбыз", - деп жазылат маалыматта.