Жыл ичинде Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө эт экспорттоого шарты бар 10 касапкана курулду

Өлкө аймагында Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө эт экспорттоого шарты бар 10 касапкана курулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк агромаркет саясаты башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков билдирди.

"Өлкө аймагында заманбап мал союучу жайларды куруу боюнча аракеттер ишке ашып жатат. 2016-жылы атайын заманбап жабдуулар менен камсыздалган 10 касапкана курулду. Курулган касапканалар бүгүнкү күндө Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө эттерди экспорттоого даяр", - деп билдирди Асылбеков.

Жумабек Асылбековдун маалыматына ылайык, өлкө аймагында 107 касапкана бар.

Эске салсак, буга чейин мурдагы айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев ар бир облуска экиден эл аралык стандарттарга жооп бере турган заманбап касапкана ачыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaiMak
2016-12-26 15:12:23
Касапкана болбосо керек эле кыргызча?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан