ЖЫЛНААМА, 26-ДЕКАБРЬ: 352 жыл мурун атактуу немис зергери Иоганн Динглингер төрөлгөн

Мындан 352 жыл мурун, 1664-жылы 26-декабрда атактуу немис зергери Иоганн Динглингер төрөлгөн.
Зергерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн И.Динглингер бала чагынан зергерлик өнөргө кызыгып, кийинчерээк Дрезден шаарында өзүнүн чеберканасын ачкан. Устаканада аны менен чогуу бир туугандары жана уулдары иштешкен.

1698-жылы ал саксондук Фридрих Август I`нин сарайына зергер катары чакырылып, ошол мезгилден баштап шедеврге айланган барокко стилиндеги эмгектерин жарата баштаган. Динглингер эмаль, сөөк, таш жана ар кандай металлдарды кошуп буюмдарды жасоо стили менен башкалардан айырмаланган. Жасаган эмгектеринин арты менен өз өлкөсүндө гана эмес, чет жерде дагы атагы чыккан зергерге айланган. 1712-жылы орус императору Пётр I Европага саякат кылып жүрүп Динглингер менен таанышуу үчүн атайын Германияга келген.

Бүгүнкү күндө зергердин эмгектерин Германиянын Дрезден шаарындагы декоративдик искусство музейинен көрүүгө болот. И.Динглингер 1731-жылы көз жумган.

26-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан