АКШнын президенти болуп шайланган Дональд Трамп дүйнөдөгү бир топ мамлекеттердин парламенттеринин депутаттарын расмий сый тамак аземине чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара 2017-жылдын февраль айында Вашингтон шаарында өтмөкчү. Кыргыз тараптан эки депутат: Сайдулла Нышанов ("Ата Мекен") менен Гүлкан Молдобекова (КСДП) барат. "Депутаттар жол киресин жана жатаканасын өздөрү төлөшөт. Бюджеттен аларга бир да сом бөлүнбөйт", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, АКШнын президенти жыл сайын сый тамак аземин уюштуруп турат. Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиев АКШнын президенти Барак Обаманын сый тамак аземине катышып келишкен.