Бүгүн, 26-декабрда Бишкетин борбордук көчөлөрүндө шаар тургундары, студенттер үчүн айрым троллейбустук каттамдарда жүрүү акысыз болмокчу. Бул тууралуу активист Ринат Шам интернеттеги жеке баракчасы аркылуу жазып чыкты.
Анын айтымында, активисттер жана жөнөкөй жарандар троллейбустарды 4 күнгө ижарага алуу үчүн каражат чогултушкан.
"Бүгүн Туңгучтан Жал кичи районуна чейин келдик. Коомдук унаада эл толо. Жүргүнчүлөрдүн баары ыраазычылыгын билдирип, кубанып жатышат", - деп жазган активист.
Маалыматтарга караганда, бул иш-чаранын негизги максаты - экологиялык жактан таза троллейбус каттамын жайылтуу.
28-декабрда №11-троллейбус саат 13:49дан 21:27ге чейин;
29-декабрда №7-троллейбус саат 14:18ден 21:37ге чейин;
30-декабрда №10-троллейбус саат 13:40тан 21:27ге чейин каттайт.