ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: Бүгүн Паспорттук-визалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Жыл сайын 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Паспорттук-визалык көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.
1932-жылы 27-декабрда СССРдин Эл комиссарлар кеңеши жана Борбордук аткаруу комитети "Советтер Союзу боюнча бирдиктүү паспорт системин түзүү жөнүндө" жана паспортторду каттоо боюнча токтом кабыл алган. Ушул окуяга байланыштуу бул күн майрам катары белгиленип калган.
2000-жылы Кыргыз мамлекетинин Паспорттук-визалык иш бөлүмү башкармалык болуп түзүлүп, ал эми 2006-жылы 30-майда президенттин жарлыгы менен Паспорттук-визалык көзөмөл департаменти деп өзгөртүлгөн. 2008-жылы 9-октябрда Паспорттук-визалык көзөмөл департаменти кайрадан башкармалык болуп түзүлгөн.
27-декабрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан