Өткөн жумада Москвадагы убактылуу кармоочу атайын жайда Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын саны 91ге барабар болду. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
"23-декабрда элчиликтин өкүлү, юрист жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу атайын жайга барып, кыргыз жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, 3 айдан бери кармалып жаткандары менен жолугушуу өткөрүштү. Алардын ар бирине көпкө чейин кармалгандарынын себептери түшүндүрүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, ал жайда 91 кыргыз жараны бар болсо, 10у өздөрүн башка бирөөнүн маалыматтары менен тааныштырышканы үчүн кармалышкан.
Убактылуу кармоочу атайын жайдагы Кыргыз Республикасынын жарандарына диаспоранын күчү менен ысык тамак уюштурулганы маалым болду.