71 адамдын өмүрүн алган Колумбиядагы авиакырсык жүктүн ашыкча жүктөлгөнүнөн улам болгон

29-ноябрда Колумбияга футболчуларды алып бараткан учак кырсыкка учурап, борттогу 78 адам жабыркаган. Анын 72си жүргүнчүлөр, калганы анда кызмат кылган адамдар болгон. Кырсык 71 адамдын өмүрүн алган.

Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Колумбиянын тиешелүү кызматтары иликтөөлөрүн жыйынтыктап, бир тыянакка келишти. Кырсыктын келип чыгуусуна жүктүн ашыкча жүктөлгөнү жана күйүүчү майдын жетишсиздиги себеп болгон. Окуя боюнча учакты башкарып бараткан Мигель Кирога жана "LaMia" авиакомпаниясы күнөөлүү болуп табылды.

Маалыматка ылайык, күйүүчү майдын жетишсиз экенин билген учкуч кеч болуп кала электе токтоп, май куюуга тийиш болчу, бирок ага бул "идея" жаккан эмес. Колумбиянын аймагына киргенде учактын бет маңдайынан шамал согуп, учак күйүүчү майды көбүрөөк сарптоого өткөн. Жыйынтыгында жакын жерде конууга жай табылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан