Бишкекте "Ош базарына" адам ташуучу автобуска 9 уйдун этин жүктөп келген ишкерге 2 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын директорунун орун басары Шамен Сыдыков билдирди.
"Ош базарына" алынып келинген 9 уйдун эти лабораториядан таза чыкты. Сапаты жагынан талапка жооп берет. Жеке ишкерге эл ташыган автобуста эт жүктөп келгени үчүн 2 миң сом айып салынды. Ал эми этти ээсине кайтарып бердик", - деди Сыдыков.
Шамен Сыдыковдун маалыматына ылайык, базарга алынып келинген уй эттерине Каракол шаардык ветеринардык жана фитосанитардык кызматынан берилген документтер болгон.
Эске салсак, 23-декабрда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы рейд жүргүзүп, борбор калаадагы "Ош базардан" 9 уйдун эти жүктөлгөн унаа кармалган. Маалым болгондой, жарандык активисттер 19-декабрда "Ош базарында" өлгөн малдын эти сатылып жатканын айтып чыгышкан.