Медициналык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметовдун маалыматы боюнча, 31-декабрдан тарта Бишкекте нөөмөткө 38 бригада чыгат. Ошондой эле стационардык медициналык жайлары кадимки тартип боюнча иштейт.
"Өткөн жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, 31-декабрь тынч эле өтөт. 1-2-январь күндөрү ичкиликтин айынан жана өттүн ыйлаагынын сезгениши менен ооругандардан чакыруулар көп болот. Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө жол кырсыктары, пиротехникалык заттардан жаракат алгандардын саны жылдан-жылга азайып жатат, себеби алардын сапаты жана коопсуздугу жогорулоодо", - деген Шаяхметов.
Маалыматка ылайык, мэриянын каражатынан "Тез жардам" кызматкерлеринин маяналары көбөйтүлгөн. Мындан улам "Тез жардам" станциясы 24 жаш кадр менен толукталган.