ЖЫЛНААМА, 27-ДЕКАБРЬ: 13 жыл мурун "Чупа-Чупс" компаниясынын негиздөөчүсү Энрике Бернат көз жумган

Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы 27-декабрда испаниялык "Чупа-Чупс" ("Chupa Chups") компаниясынын негиздөөчүсү Энрике Бернат 80 жашында Барселонада каза болгон.
Ал 1923-жылы 20-октябрда Испаниянын Барселона шаарында төрөлгөн. Алгач ата-энесинин кондитердик дүкөнүндө иштеген. 1950-жылы Испаниянын түндүгүнө көчүп барып, алмадан кыям даярдаган "Гранха Астуриас" ("Granja Asturias") компаниясында иштеп калат. "Чупа-Чупс" момпосуюн 1958-жылы Энрике Бернат балдар колдорун, кийимдерин булгабасын деген ойдо жыгач таякчасы менен чыгара баштаган. Кийин жыгач таякчалар желим таякчаларга алмаштырылган. Ишкер башында бул таттуу момпосуйду "Гол" деп атаса, кийинчерээк аны "Чупа-Чупс" деп өзгөрткөн. Таттуулардын 200дөн ашык түрүн чыгарып келе жаткан “Гранха Астуриас” ишканасын сатып алып, аны "Чупа-Чупс" деп өзгөрткөн. "Чупар" сөзү испан тилинен которгондо "соруу" дегенди түшүндүрөт.
Энрике Бернат момпосуйдун сыртынын кооз болушун эске алып, белгилүү сүрөтчү Сальвадор Далиден логотип тартып берүүсүн суранат. Ошондо сүрөтчү ага ромашка гүлүн сунуштап, аны тартып берген. Ошол кезден ушул убакка чейин бул момпосуйдун логотиби өзгөрбөй келет.
Аталган ишкана башында жети түрдүү даамдагы "Чупа-Чупс" чыгарса, кийин анын түрү 50дөн ашкан. Бул момпосуй космосто желген эң биринчи таттуу болуп саналат. Энрике Бернат 1991-жылы өзүнүн айтылуу компаниясын уулу Хавьерге өткөрүп берген.

27-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан