Футболчу Криштиану Роналду Сириядагы жаш балдарга арналган видеокайрылуу жасады. Видеокайрылууну интернет аркылуу 15 миллиондон ашык адам көргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
"Бул тасма Сириядагы балдар үчүн. Силердин көп кыйынчылыкка чыдаганыңарды көпчүлүк билет. Мен атактуу футболчумун, мен силерди анык баатырлар деп эсептейм. Үмүт үзбөгүлө. Дүйнө эли силерди колдойт. Мен силер мененмин", - дейт футболчу.
Маалым болгондой, Роналду учурда "Балдарды куткарабыз" долбооруна активдүү катышып, балдарга гуманитардык жардам көрсөтүүдө.
Балдар футболчуга ыраазычылык билдиришти.