Оштогу Увам каналына таштанды таштаган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери өттү

Оштогу Увам каналына таштанды таштаган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын "Көрктөндүрүү" ишканасынын адиси Иманбек Советбек уулу билдирди.

Эскерте кетсек, окурман Ак-Буура дарыясында таштандылар агып жатканын "Элдик кабар" рубрикасына билдирген.

"Сүрөттөгү Ак-Буура дарыясы эмес, Увам каналы. Биздин ишкана Ак-Буура дарыясынын тазалыгына жооптуу, бирок Увам каналынын аймагына жооптуу эмес. Ага карабастан, жергиликтүү тургундарга квартал башчысы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Каналдын боюнда атайын таштандылар үчүн челектер орнотулган, бирок тургундар ал челектерге чейин басып баруунун ордуна таштандыны ушул каналдын жээгине ыргытышат", - дейт Иманбек Советбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан