Өзгөн районунун Чаңгет айылына барчу Чаңгет ашуусунун жолу ачыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышев билдирди.
"Ийри-Суу айыл аймагындагы Ийри-Суу айылынан Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол бир тараптуу ачылды. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Чаңгет ашуусунда жол ачыла элек. Азыркы учурда жергиликтүү Жол-курулуш ишканасынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кар тазалоочу техникасы иштеп жатат. Бүгүн кечке чейин жол тазаланып, ачылат", - деп билдирди Бакышев.
Маалыматка ылайык, Чаңгет айылында 5 миңге жакын калк жашайт. Аталган айыл райондун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан.