SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүктүүңүздүн сизге чейинки жашоосу" деген теманын автору форумчуларга "Сүйүктүүңүздүн өткөн жашоосу тууралуу билгиңиз келеби? Сизге чейин кандай жашаганы сиз үчүн маанилүүбү?" деген суроолорду калтырган.
Форумчулардын жооптору:
"Билгенде эмне пайда? Өткөнүн билип эмне кыласың, өзүңдү капа кылып?"
"Мен үчүн өткөн жашоосунун кызыгы жок, эң негизгиси, кылмыш кылбаган болсо болду. Ал эми келечекте менден кийинкиси болушуна жол бербейм, буюрса".
"Кыздын өтмүшүн кара, баланын келечегин кара дейт го".
"Чындыктын баарын чукуп чыккан соң аны кайра көмүп салгың келет, бирок көмүүгө мүмкүн эмес".
"Өткөн турмушу мага маанилүү же маанилүү эмес деп айта албайм, ойлонгонум, жолдошум мурунку баскан жолун кайра басып коёбу деп корком. Канчалык түшүндүрүп турса да, экөөбүздүн келечегибизди көп ойлоном. Достору аскерден келсе ар кайсы жактарга ээрчитип бузабы деп да корком".
"Мен үчүн өтө эле маанилүү".
"Адам болгондон кийин кызыкса керек баары эле".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.